Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү.
Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда,
жаңыланган рейтинг жарыяланып курама команда 1 миң 67 упайы менен 43-орунга жайгашты.
Эске салсак, былтыр улуттук курама бир сап төмөн болчу.
Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан тизменин 8-сабында жайгашты.