Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчиликти сактап калды. Жаңыланган тизмени Бириккен күрөш дүйнөсү жарыялады. Анда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле биринчи орундан түшкөн жок.
Ал Нур-Султандагы дүйнө чемпионатынан алтын медаль утуп лидерликке чыккан. Учурда Тыныбекова 76 упайга ээлик кылат. Кыргызстандык спортчунун артында 40 упайы менен болгариялык Тайбе Юсейн турат. Ал эми үчүнчү сапка «Европа оюндары-2019» турниринин жеңүүчүсү, украиналык Юлия Ткач илинген.