Кытайдан кыргызстандык студенттерди эвакуациялоо уланат

Кытайдан кыргызстандык студенттерди эвакуациялоо уланат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда мекендештерди вирус жапырт чыккан жерден алып чыгуунун ар кандай жолдору каралып жатат. Кытайда 6 миңден ашык кыргызстандык билим алып келет.

 

Анын болгону 350сү биздин өлкөнүн дмипломатиялык өкүлчүлүгү менен тыгыз байланышта.

 

Тышкы иштер министрлиги жарандарды кандай жол менен эвакуациялайт, азырынча белгисиз. Белгилеп кетсек, Кытайда вирусту жуктуруп алгандардын саны 43 миңден ашты.