Кыргызстандын мыкты спортчулары аныкталат. Sports Awards салтанатынын алкагында номинациялар бекитилип, талапкерлер добуш берүүгө коюлду. Белгилеп кетсек, бул сыйлык дене-тарбия жана спорт тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.
Иш-чара быйыл 6-ирет өткөрүлөт. Добуш берүү topsport.kg сайтында жүргүзүлүүдө.