Бишкекте пандемияны алдын алуучу чаралар жогорку деңгээлде күчөтүлдү.
Мэриянын токтомуна ылайык, спорттук иш-чаралар, маданият тармагы,
музыкалык жана ушундай багыттагы мектептер, коомдук мекемелер ишин токтотту.
Мындан сырткары соода борборлорунун, кафе-ресторандардын ээлерине
ишмердүүлүктү токтотуп туруу сунушу берилди. Көрүлүп жаткан
чаралар 6-апрелге чейин күчүндө болот.