Кыргызстандагы бардык окутуу курстары токтотулат

Кыргызстандагы бардык окутуу курстары токтотулат.

Билим берүү министрлиги кошумча билим берген уюмдарга

ишин 8-апрелге чейин токтотуп туруу сунушун берди.

Ведомстводон билдиришкендей, жалпы республикалык

тестирлөөгө даярдаган, айдоочулук, тил, компьютер сыяктуу

жааттарда кошумча билим берген бардык курстарды

17-марттан 8-апрелге чейин ишин токтотуп туруу сунушу

берилди. Тиешелүү кат Бишкек менен Ош шаарларынын жана

райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жөнөтүлдү.

Кошумчаласак, өлкөдө бала бакчалардан сырткары бардык

билим берүү уюмдары карантинге жабылган.