Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы жогорулайт

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы жогорулайт. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, азыктын айрым түрлөрү 3 пайызга кымбаттайт. Ага баалар бирдиктүү түрдө түзүлөт. Кырдаал кризистин кесепетинен инфляция өсүп жаткандыгына байланыштуу. Бирок өкмөт баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө боюнча иш алып барат, — деп ишендирди Асрандиев. Белгилей кетсек, буга… Кененирээк…

Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны азайды

Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны азайды. Бейтаптардын жалпы саны 81 миң болсо, анын 72 миң 700ү айыкты же вируска кабылгандардын 90 пайызы сакайышты. Учурда бейтапканаларда 5 миң 100 адам дарыланууда. Белгилеп кетсек, дүйнөлүк дарыгерлердин айтымында вирустун инкубациялык мезгили 20 күндү түзгөндүктөн, бул аралык өткөндөн кийин вируска кабылуу коркунучу азая баштайт.

Бишкекте айдоочулар 1 жума бою катуу көзөмөлгө алынат

Бишкекте айдоочулар 1 жума бою катуу көзөмөлгө алынат. Милициянын кайгуул кызматынан novosti.kgге билдиришкендей, алдыңкы күндөрдө жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Ал эми өткөн жумадагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ордо калаада 2 миң 200 эреже бузуу катталды. 16-марттан 22сине чейин, 7 күндүн аралыгында 400 унаа… Кененирээк…

Чүй облусунда 15 ишкада бет кап өндүрүлүп жатат

Чүй облусунда 15 ишкада бет кап өндүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирди. Маалым болгондой, цехтердин ар биринде күнүнө 1 миңге чейин бет кап өндүрүлөт. Коргонуу каражаттары санитардык нормага туура келет. Ишканалар Жайыл, Панфилов, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда жайгашкан.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 9 миллион сомго жакын каражат чогулду

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 9 миллион сомго жакын каражат чогулду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, аталган сумма бизнес өкүлдөрү жана катардагы жарандар тарабынан толукталды. Учурда ал акчалар пайдалануу максатында сарптала элек. Эске салсак, аталган эсеп өткөн жумада ачылган. Ага чет… Кененирээк…

Россияга Кыргызстан жарандары эркин кире алат

Россияга КМШ өлкөлөрүнүн жарандары эркин кире алат. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдиргендей, өлкө чек арасын чет элдиктерге жапканына карабай, бир нече өлкөнүн жарандарына кирүүгө уруксат берет. Ага Абхазия жана Түштүк Осетиянын жарандары дагы кирди. Белгилей кетсек, Россия 18-марттан 1-майга чейин чет элдиктерди өз аймагына киргизүүнү… Кененирээк…

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.   Маалыматка караганда, министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды.   Алар алгач Алматы шаарынын аэропортуна… Кененирээк…

Бишкекке кирген жарандардын дене табы текшерилүүдө

Бишкекке кирген жарандардын дене табы текшерилүүдө. Novosti.kgнин кабарчысынын маалыматына ылайык, ордо калаа аймагына кирген жүк ташуучу, коомдук транспорт жана жеңил унаалар текшерүүдөн өтүүдө.   Жарандардын дене табы ченелип, документтери каралып, айдоочулардын сапарынын максаты суралууда. Эске салсак, COVID-19 вирусунан улам Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө… Кененирээк…

Жергиликтүү жана айрым шаардык кеңештерге шайлоо процесстери токтотулду

Жергиликтүү жана айрым шаардык кеңештерге шайлоо процесстери токтотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.  Белгилеп кетсек, 12-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, ошондой эле Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтмөк.   Буга чейин БШК аны токтотууга жана жылдырууга укуктук негиз жок деп айтып… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын бири реанимацияда

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын бири реанимацияда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей,   71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип жандандыруу бөлүмүнөжаткырылды.   Калгандары да тийиштүү дарыларды алып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык, — деди Акматова. Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши.