Чүй облусунда 15 ишкада бет кап өндүрүлүп жатат.
Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирди.
Маалым болгондой, цехтердин ар биринде күнүнө
1 миңге чейин бет кап өндүрүлөт. Коргонуу каражаттары
санитардык нормага туура келет. Ишканалар Жайыл,
Панфилов, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана
Кемин райондорунда жайгашкан.