Коменданттык саат учурунда тартипке баш ийбеген жарандар жазага тартылат

Коменданттык саат учурунда тартипке баш ийбеген жарандар жазага тартылат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди. Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандар чектөө убактысы бүткөнгө чейин убактылуу кармалат. Андан тышкары өздүгү аныкталбаган жарандар камакка алынат жана шаар тургуну эмес болсо коменданттык аймактан чыгарылат.… Кененирээк…

Медициналык бет капты туура пайдалануунун жол-жобосу

Медициналык бет капты туура пайдалануунун жол-жобосу. Тагынган коргонуу каражатты кир кол менен кармаган болбойт. Колду жууганга мүмкүнчүлүк болбосо антисептик колдонуу зарыл. Ошондой эле бет капты чечүүдө анын ортоңку бөлүгүнө колду тийгизбөө керек. Этияттык менен кулактагы жиптеринен кармап чечүү сунушталат. Каражатты туш келди ыргытпай, бир гана… Кененирээк…

Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду

Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Коронавирусту жайылтпоо эрежелерин сактоо үчүн жана өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу аскерге чакыруу токтотулду. Абал турукташканга чейин Куралдуу күчтөргө кабыл алуу болбойт. Эске сала кетсек, мартта башталган чакыруу 31-майга чейин уланмак. Аскер… Кененирээк…

Көзөмөл-түйүндөрүнөн өтүүдө жаңы ID-картанын каттоосун онлайн текшерүүгө болот

Көзөмөл-түйүндөрүнөн өтүүдө жаңы ID-картанын каттоосун онлайн текшерүүгө болот. Мамлекеттик тейлөө порталында биометрикалык ID-карталардын каттоосун текшерген убактылуу онлайн-функция киргизилди. Ага паспорттун номерин же PIN менен ИННди киргизүү керек.  Белгилеп кетсек, көзөмөл-түйүндөрү өлкө аймагында коронавируска байланыштуу коюлуп жатат. Буга чейин анда өтүүдө биометрикалык паспорттон каттоо дарегин текшерүүдө… Кененирээк…

Бишкекте эртеңден тарта коменданттык саат күчүнө кирет

Бишкекте эртеңден тарта коменданттык саат күчүнө кирет. Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдиргендей, эртең кечки саат 8ден эртең мененки 7ге чейин комменданттык саат режими башталат. Аталган убакта жарандардын көчөдө жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Транспорт каражаттары да каттамдарга чыкпайт. Ал эми медицина жана күч түзүмдөрүнүн… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт. Андан белгилешкендей, вирусту дароо 26 адам жуктуруп, ооруканага жаткырылды.   Дагы 96 адамдын анализи шектүү болуп жатат. Арасында 1 жашка чейинки жаш балдар бар.

“Түндүкэлектр” пландык оңдоо иштерин токтотууда

“Түндүкэлектр” пландык оңдоо иштерин токтотууда. Компания калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн бардык чараларды кабыл алат. Алсак, бардык объектилерде адистердин нөөмөтү уюштурулуп, авариялык-калыбына келтирүү жана оңдоо бригадалары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө.   Жарык берүүдө кандайдыр бир маселелер жаралса, жарандар 1209 кыска номуруна кайрыла алат.

Ысык-Көл облусунун тургундары эми бир айылдан экинчи айылга каттай албайт

Ысык-Көл облусунун тургундары эми бир айылдан экинчи айылга каттай албайт. Жергиликтүү бийликтин сунушуна карабай, тургундар калк жашаган түйүндөр ортосунда жүрө беришкен.   Андыктан, айылдар ортосундагы кыймылга тыюу салуу чечими кабыл алынды. Ар бир калк жашаган түйүндүн кире беришине пост орнотулду. Анда милиция, куткаруучулар жана жергиликтүү… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди

Жалал-Абад шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Жергиликтүү бийлик муну жарандардын ден-соолугун коргоо максатында жасап жатканын билдирди.   Белгилеп кетсек, азык-түлүк жана дары-дармектерди ташыгандар кезексиз өткөрүлүүдө, ал эми башка райондордо иштеген мамлекеттик кызматкерлер атайын уруксаа берүүчү документтер менен өткөрүлөт. Эске салсак, өлкөнүн айрым райондорунда 25-марттан 15-апрелге чейин… Кененирээк…

Бюджеттик мекемедегилер аралыктан иштөөгө коё берилмей болду

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу мекемеде эмгектенгендер аралыктан иштөөгө өтмөй болду. Бул тууралуу 24-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.   “Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилине коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды… Кененирээк…