Көзөмөл-түйүндөрүнөн өтүүдө жаңы ID-картанын каттоосун онлайн текшерүүгө болот.
Мамлекеттик тейлөө порталында биометрикалык ID-карталардын каттоосун
текшерген убактылуу онлайн-функция киргизилди. Ага паспорттун номерин же
PIN менен ИННди киргизүү керек. Белгилеп кетсек, көзөмөл-түйүндөрү өлкө
аймагында коронавируска байланыштуу коюлуп жатат. Буга чейин анда
өтүүдө биометрикалык паспорттон каттоо дарегин текшерүүдө
көйгөйлөр жаралып келген.