Бюджеттик мекемедегилер аралыктан иштөөгө коё берилмей болду

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу мекемеде эмгектенгендер аралыктан иштөөгө өтмөй болду. Бул тууралуу 24-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

 

“Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилине коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин” деп айтты Асрандиев.

 

18-23-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган 16 адам катталды, бирөө реанимацияда.

 

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду. Мыйзам боюнча, президенттин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыгын Жогорку Кеңеши үч күндөн кечиктирбей өзүнүн токтому менен бекитүүгө же аны жокко чыгарууга тийиш.