АКШда бир суткада коронавирустан 1736 адам каза болду

Коронавирус пандемиясынан улам АКШда акыркы бир суткада 1 миң 736 адам каза болуп, сутка ичинде бул оорудан каза болгондордун саны боюнча рекорд койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

 

Буга чейин бул инфекциядан сутка ичинде эң көп каза болгон учур 4-апрель күнү катталган. Анда ушул эле өлкөдө 1 миң 344 адам каза болгон.

 

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирус инфекциясын 398 миң 809 адам жуктуруп алган. 12 миң 895 адам бул оорудан каза болсо, 22 миң 224 адам айыгып чыккан.