Бишкектин тургундарына дагы 2 жума үйдө отуруу сунушталат

Бишкектин тургундарына дагы 2 жума үйдө отуруу сунушталат. Ордо калаанын коменданты Алмаз Орозалиев коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу бишкектиктерден жакынкы эки жумада үйдө болуп турууну өтүндү.

 

Анын айтымында, сутка ичинде борбор калаада 10 киши коронавирус жуктурганы аныкталып, алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык убактысы бүттү. Ошондуктан, 2 жума ичинде кыймылды токтотуп, үйдө болуу сунушталат.