Осмонбек Артыкбаевдин мандаты алынды

Бишкек ЖЭБиндеги чырга байланыштуу камалган Осмонбек Артыкбаевге чыгарылган сот чечими күчүнө киргенине байланыштуу ал депутаттык мандатынан ажыратылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, КСДПнын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген Осмонбек Артыкбаевдин мандаты партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге өткөрүлүп берүүгө тийиш. Партиянын тизмеси боюнча депутаттык мандатка Чынара Урумкалиева ээ болуусу керек.

 

Конституциянын “Президенттик жана парламенттик шайлоолор” тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет.

Шайлоо кодексине ылайык, аял депутаттын мандаты алынса, анын ордуна аял талапкер, эркек депутаттын мандаты алынса, анын ордуна эркек талапкер гана депутат болуп келе алат.

 

Ошол эле учурда мыйзамда аял депутаттын мандатына аял талапкер, эркек депутаттын мандатына эркек талапкер гана ээ боло алат деген жобо да бар. Буга ылайык, Осмонбек Артыкбаевдин мандаты КСДПнын тизмесинде 56-орунда турган Чынара Урумкалиевага эмес, 57-катардагы Дүйшөн Ирсалиевге ыйгарылуусу ыктымал.

 

КСДПнын саясий кеңешинен бул маселе боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду.