8-апрелге карата 92 адам коменданттык сааттын талаптарын бузду

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 92 адам кармалган.

 

Алардын ичинен: Бишкек шаарында — 58, Ош шаарында — 5, Жалал-Абад шаарында — 12, Сузак районунда — 15,Кара-Суу районунда — 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ноокатта коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2101 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, кое берилди.

 

Эпидемиологиялык абалдан улам, Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тарта коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

 

7-апрелге карата берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 228 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алышкан. 23 киши оорудан айыкты. Төрт адам илдеттен көз жумду.