Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Бир күндө анын куну 1 сомго түштү. Бүгүнкү күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 81 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 82 сом 30 тыйынга сатышууда.

 

Эске салсак, доллардын курсу өткөн жумада көтөрүлүп, 85 сомго жеткен. Валюта серпилүүсүн алдын алуу үчүн Улуттук банк интервенция өткөргөн болчу.