Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, өткөн суткада Ала-Бука райондук ооруканасында жаткан эки бейтап чыгарылган.

 

Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 кишини чыгаруу пландалууда. Буга чейин 25 кишинин айыкканы белгилүү болчу. Бүгүн кечке чейин дагы 10 адам чыгарылса, коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 35ти түзөт.