Баткен облусунда үйлөрдү жана социалдык объектилерди селден коргоо иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар каналдарды тазалап, дарыялардын жээктерин бекемдеп жатат.
Иштер 4 райондун аймагында жүрүүдө. Жалпысынан ведомствонун аймактагы башкармалыгы 60 объектиде тиешелүү иштерди аткарууну пландады.