Тажикстан медициналык беткап тигип, Италияга жөнөтө баштады

Тажикстан медициналык беткап тигип, Италияга жөнөтө баштады. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, жалпысынан коңшу өлкө Италияга  11 миллион беткап жеткирүүнү пландап жатат. Коргоочу каражаттар этап менен жөнөтүлөт.   Белгилеп кетсек, Тажикстанда расмий түрдө коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Бишкекте авариялык абалдагы бактар кыйылууда

Бишкекте авариялык бактар кыйылууда. Муниципалиттин маалыматына ылайык, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери Байтик Баатыр жана Манас проспектисиндеги бактарды кыйып жатат.   Учурда веложолчо жана тротуарлар курулууда, аны менен катар жаңы ирригациялык тармак салынып, бак-дарактар тигилет, — дешти мэриядан. Эске салсак, 9-апрелде жааган кардан улам, Бишкекте … Кененирээк…

Президент аппаратынын социалдык өнүгүү көзөмөлү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева өз каалоосу менен отставкага кетти

Президент аппаратынын социалдык өнүгүү көзөмөлү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева өз каалоосу менен отставкага кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти.   Эске салсак, Ташпаева бул кызматка ушул жылдын январь айында дайындалган.

Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Анын айтымында, 14 учур Бишкекте, Нарында 2, Ош шаарында 25, Ош облусунда 7 учур катталды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 631ге жетти.

Германияда коронавируска каршы вакцины ыктыярчыларга тестирлөө башталды

Германияда коронавируска каршы вакцины ыктыярчыларга тестирлөө башталды. Буга уруксатты вакцина институту берди. Препаратты жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар иштеп чыкты.   Алар буга чейин сасык тумоого каршы вакцинасы ийгиликтүү жасашкан, — деп билдирет “Радио Свобода”. Иликтөөнүн биринчи этабына 200дөй ыктыярчы катышат.  

Апрелдеги үшүк дыйкандарга чоң зыян алып келди

Апрелдеги үшүк дыйкандарга чоң зыян алып келди. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, көбүнчө Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облусунун агрардык тармагы жабыркады.   Алдын ала эсептөөлөр менен чыгым 300 миллион сомдон ашат. Жеринде жарандык комиссия тактоо иштерин улантууда. Чодуев белгилегендей, Айыл-чарба… Кененирээк…

Бишкекте буга чейин орнотулган бетон тосмолор алынды

Бишкекте буга чейин орнотулган бетон тосмолор алынды. Бул тууралуу комендатуранын басма-сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, 21-апрелде бетон тосмолор транспорт кыймылын азайтуу максатында, ордо калаанын көчөлөрүндө орнотулган.   Бирок бир күндө эле Тез жардам кызматына 500дөн ашык чалуу келип түшөрүн эске алып, киргизилген чараларды алуу чечими… Кененирээк…

Бишкекте аз камсыздалгандарга колдоо көрсөтүү уланууда

Бишкекте аз камсыздалгандарга колдоо көрсөтүү уланууда. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата муниципалитет, кайрымдуулук фонддору жана жеке ишкерлердин колдоосу менен 48 миң 144 үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырылды.   Райондук штабдарга азык-түлүк алууга арыздарды кабыл алуу күнү-түнү жүрөт.   Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990… Кененирээк…

23-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 88 киши бузду

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 23-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 88 киши бузду. Алты автоунаа айып токтотмосуна коюлду.   Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 56, Жалал-Абад шаарында — 13, Ош шаарында — 5, Нарын шаарында — 5, Ат-Башы районунда —… Кененирээк…

Заманбап маселелер заманбап чечимдерди талап кылат

Заманбап маселелер заманбап чечимдерди талап кылат. Колумбияда жогрку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн ордуна дипломдор роботко тапшырылды. Сахнага студенттердин ордуна планшет кармаган робот чыкты.   Аны менен студенттер онлайн байланышта болуп турду. Бүтүрүүчүнүн аты айтылып жатканда, ал анын сүрөтүн басып атты, ал эми студент виртуалдык түрдө дипломун… Кененирээк…