Кытайдан келген адистер кыргызстандык дарыгерлер үчүн онлайн-окутуу жүргүзүшөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вебинарга өлкө дарыгерлеринин бардыгы кошула берсе болот.
Эске салсак, Кытайдан медкызматкерлердин тобу Бишкекке 20-апрелде жергиликтүү дарыгерлерди коронавирус менен күрөшүүгө үйрөтүү үчүн келди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы менен ошондой эле, өлкөгө Польшадан адистер келди.
Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын ооруканаларына жөнөтүлдү.