Кыргызстанга көрсөтүлгөн каржылык жардамдын суммасы 174 жарым миллион долларга жетти

Эл аралык донорлордон Кыргызстанга көрсөтүлгөн каржылык жардамдын суммасы 174 жарым миллион долларга жетти. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Өлкө башчы билдиргендей, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу акчалар биринчи кезекте коронавирус менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоого багытталышы зарыл.

Ысык-Көл облусунун жетекчисине эскертүү берилди

Ысык-Көл облусунун жетекчисине эскертүү берилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге эскертүү берди. Буга чейин облустук штабдын чечими менен Ысык-Көлгө кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалымкат талап кылышкан. Бул… Кененирээк…

Кыргызстанда бир сутка ичинде 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, сакайгандардын бешөө Бишкектен, үчөө Нарындан, Жалал-Абад облусунан беш адам жана бирөө Ысык-Көлдөн. Ушуну менен республика боюнча 614 бейтап коронавирустан айыкты, жалпысынан 871 адам илдетке… Кененирээк…

Турак-жайлары камсыздандырылган жарандарга гана жардам көрсөтүлөт

Турак-жайлары камсыздандырылган жарандарга гана жардам көрсөтүлөт. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдиргендей, кеп, селден жабыркагандар тууралуу болуп жатат. Анын айтымында, Лейлек районунда жабыркаган 4 үйдүн бирөө гана камсыздандырылган. Жөлөк пулдун көлөмү тартылган зыянга жараша 500 миң сомго чейин болот. Эске салсак, суу ташкыны 2-майда Ифанада, Тогуз-Булак жана… Кененирээк…

Ордо калаа фонтандары жайкы сезонго даяр

Ордо калаа фонтандары жайкы сезонго даяр. Мэриянын маалыматына ылайык, адистер суу оргумалар комплексинде кайра калыбына келтирүү иштерин аткарып, даярдык көрдү.   Зарыл жабдуулар алмаштырылды. Суу оргумалар качан кое берилет, азырынча такталбайт. Белгилеп кетсем, буга чейин мэриядан novosti.kgге фонтандар 1-майда иштеп баштайт деп билдиришкен болчу.

Ысык-Көлгө кирип-чыккандардан маалымкат талап кылынбайт

Ысык-Көлгө кирип-чыккандардан маалымкат талап кылынбайт. Бирок аймакка киргендердин бардыгы 2 жумалык үй карантинине жөнөтүлөт, — деп билдиришти өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн.   Андан белгилешкендей, бул аргасыз киргизилген чара. Анткени, учурга карата Ысык-Көлдө коронавирус жок. Жуктургандардын бардыгы айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда коронавируска кабылуу учурлары кескин көбөйсө, Саламаттыкты сактоо министрлиги чектөө чараларын узартуу сунушун киргизет

Кыргызстанда коронавируска кабылуу учурлары кескин көбөйсө, Саламаттыкты сактоо министрлиги чектөө чараларын узартуу сунушун киргизет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Ал белгилегендей, айрым жеңилдиктер киргизилгенден бери, вирус жайылып баштады. Андыктан, санитардык талаптарды аткаруу сунушталат, — деди Үсөнбаев. Белгилеп кетсем, акыркы… Кененирээк…

Лейлек району селден 55 миллион зыян тартты

Лейлек району селден 55 миллион зыян тартты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, аталган аймакта  2-майда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларды, чарба курулуштарын жана унаа жолдорду суу каптаган.   Жерине куткаруучулар тартылып, 3-майда унаа жолдорунда каттам калыбына… Кененирээк…

Facebook Россияга байланыштуу 100 аккаунтту өчүрдү

Facebook компаниясынын 2020-жылдын апрель айындагы эрежени бузган колдонуучулар жөнүндө отчетунда Орусияга байланыштуу жүздөй аккаунт өчүрүлгөнү айтылат. Анын 46сы баракча, эки группа жана бир Instagram аккаунт болгон. Бул тууралуу шейшембиде компаниянын сайтында жарыяланды. Facebookтун эксперттери социалдык тармактын эрежесин бузган контент, пост жарыялагандардын дареги бир нече өлкөдө… Кененирээк…

Нарында кармалган илбирс ветеринардык жардамга муктаж

Нарында кармалып, Ысык-Көл облусунун Ананьеводогу NABU реабилитация борборуна алынып келинген илбирс ветеринардык жардамга муктаж. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.   Аны адистер карап чыгып, картаң илбирс ачка жана алсыз экенин аныкташкан. Абалы азырынча оор, тамакты жакшы жей албай жатат.   Жаныбар 4-май күнү Нарын токой… Кененирээк…