Кыргызстанда коронавируска кабылуу учурлары кескин көбөйсө, Саламаттыкты сактоо министрлиги чектөө чараларын узартуу сунушун киргизет

Кыргызстанда коронавируска кабылуу учурлары кескин көбөйсө, Саламаттыкты сактоо министрлиги чектөө чараларын узартуу сунушун киргизет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, айрым жеңилдиктер киргизилгенден бери, вирус жайылып баштады. Андыктан, санитардык талаптарды аткаруу сунушталат, — деди Үсөнбаев. Белгилеп кетсем, акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус 28 адамдан аныкталса, анын 16сы Бишкекке туура келет.