Лейлек району селден 55 миллион зыян тартты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, аталган аймакта 2-майда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларды, чарба курулуштарын жана унаа жолдорду суу каптаган.
Жерине куткаруучулар тартылып, 3-майда унаа жолдорунда каттам калыбына келген. Исфана шаарына таза суу, бардык айылдарга электр энергиясы берилип, айрым аймактарда сугат суу бурулган.