Нарында кармалган илбирс ветеринардык жардамга муктаж

Нарында кармалып, Ысык-Көл облусунун Ананьеводогу NABU реабилитация борборуна алынып келинген илбирс ветеринардык жардамга муктаж. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

 

Аны адистер карап чыгып, картаң илбирс ачка жана алсыз экенин аныкташкан. Абалы азырынча оор, тамакты жакшы жей албай жатат.

 

Жаныбар 4-май күнү Нарын токой чарбасынын аймагындагы Тескей-Торпу деген жерден чабандын торпогун жеп жатканда кармалган.

Ак илбирс — Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Аны аткандарга 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.