Кыргызстанда 21-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча үчүнчү этап старт алат

Кыргызстанда 21-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча үчүнчү этап старт алат.

 

Ага ылайык, өкмөт ушул бейшембиден тарта калкты тейлөө борборлоруна, акча алмаштыруу жайларына, ломбарддарга, эмерек цехтерине, соода борборлоруна, кийим дүкөндөрү жана базарларына, мончолорго, унаа базарларына иштөөгө уруксат берет.

 

Эске салсак, өкмөт өзгөчө абал режиминде экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча 3 этапка бөлүнгөн план кабыл алган.