Бишкекте коомдук транспортту кое берүү суроосу бүгүн, эртең каралышы күтүлөт

Бишкекте коомдук транспортту кое берүү суроосу бүгүн, эртең каралышы күтүлөт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, бардыгы коронавирустун жайылышына жана алар менен байланышкан адамдардын көптүгүнө жараша болот.

 

Ал эми бала бакчалардын ишин жандантуу суроосу июнга жакын каралат. Эске салсак, Бишкек автобус жана троллейбустар 11-майда эле каттамга чыкмак, бирок Республикалык штаб муну кооптуу деп эсептеп, чечимден баш тарткан.