Бишкектин “Тунгуч” кичи районунда жаңы бала бакча 1-июнда ачылат. Бул тууралуу вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдирди. Анын айтымында, курулуш иштери соңуна чыкты.
Ашкана үчүн зарыл жабдуулар жеткирилип, вибео-байкоо системасы орнотулду. Музыкалык жана медициналык бөлмөлөрдүн жабдууларын гана алып келүү калды, — деди чиновник. Эске салсак, бала бакчанын жалпы аянты дээрлик 1,5 миң чарчы метрди түзөт. Ал 140 бөбөккө чакталган.