Жалал-Абад облусунда катуу шамалдан эки үйдүн чатыры жарактан чыкты

Жалал-Абад облусунда катуу шамалдан эки үйдүн чатыры жарактан чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Базар-Коргон айылында 18-майдын кечинде катуу шамал көп кабаттуу турак үйдүн 12 даана темир чатырын учуруп кеткен.

 

Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында бир үйдүн чатырына дарак кулап, шиферлерин сындырды. Куткаруучулар жеринде тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жабыркагандар болгон жок.