Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Акыркы суткада ал дагы  60 тыйынга төмөндөдү. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 75 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 76 сом 40 тыйынга сатышууда.

 

Эске салсак, мартта доллардын куну кескин көтөрүлүп, 85 сомго жеткен болчу. Валюта серпилүүсүн токтотуу максатында Улуттук банк бир нече ирет интервенция өткөрдү.