Япония туристтерге күнүнө 185 доллар төлөп берет

Япония туристтерге күнүнө 185 доллар төлөп берет. Маалыматка ылайык, бул максатта 12,5 миллиард доллар бөлүндү. Жаңычылдыктын максаты – Японияга туристтерди тартуу.

 

Эсептөөлөргө ылайык, 185 доллар Японияда жүргөн туристтин чыгымынын жарымын жабат. Субсидия алуу үчүн түздөн-түз же япон туристтик агенттиктеринин жардамы менен мейманкананы брондош керек.