Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин жарык Щербаков, Жумабек, Лермонтов, Абдрахманов, Токтогул, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө, 7-5-кичи райондордо, Көлмө, Ак-Өргө, Дордой конуштарында, Беш-Күнгөй, Карл-Маркс, Лебединовка, Төмөнкү Ала-Арча, Мыкан айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.