“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү ноябрга жылдырылышы мүмкүн

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү ноябрга жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Андан эске салышкандай, камералар өлкө аймагында сентябрда эле орнотулмак, бирок өзгөчө абал режимине байланыштуу иштер токтотулган. Учурда адистер аныкталган тилкелерге камераларды коюу үчүн уруксат… Кененирээк…

Румынияда социалдык аралыкты сактоого ылайыктуу бут кийимдер чыгарыла баштады

Румынияда социалдык аралыкты сактоого ылайыктуу бут кийимдер чыгарыла баштады. Алардын баш жагы узартылып, башка адамдардан 1,5 метр аралыкты сактоого шарт түзүлөт.   Бут өлчөмүн 75 сантиметрге чейин жеткире турган бут кийимдерди өтүкчү колго жасайт.

“Ош-Тазалык” ишканасына 12 жаңы таштанды ташуучу унаа тапшырылды

“Ош-Тазалык” ишканасына 12 жаңы таштанды ташуучу унаа тапшырылды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, атайын техника Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен алынды.   Алардын жалпы баасы 545 миң еврону түзөт. Белгилеп кетсек, банк Ошто катуу калдыктарды жок кылуу боюнча 10 миллион евролук долбоорду… Кененирээк…

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт – эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт – эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “Жаңы окуу жылына даярдык болуп жатат. Эгерде кырдаал жөнгө салынып, бардыгы коопсуз болсо, биз кадимки эле реалдуу режимде окуйбуз. Ар… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарында жаңы лаборатория ачылат

Чолпон-Ата шаарында жаңы лаборатория ачылат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, ал заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жугуштуу ооруларды аныктайт.   Корея  менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга тийиштүү медициналык жабдуусу бар  ПЦР аппарат жеткирилди.   Алардын бири Чолпон-Ата шаарында ачыла турган лабораторияга коюлуп, жайкы… Кененирээк…

Эл аралык аба каттамдары 15-июндан тарта жанданат

Эл аралык аба каттамдары 15-июндан тарта жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, тийиштүү ведомстволор сырткы каттамдар боюнча алгоритмди 1 жума ичинде иштеп чыгат.   Акышев кошумчалагандай, бардык авиа компанияларга бир ай бою жумасына бир жолу учуп туруу сунушталып жатат.

Шайлоо босогосу жана күрөө тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңеш 4-июндагы сессиясында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда колдоп, добуш берүүгө жиберди.   Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоонун босогосу тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүлүшү керек. Ал эми шайлоо күрөөсү беш миллион сом бойдон калат. 14-майда мыйзам долбоору… Кененирээк…

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги абал жакынкы арада жөнгө салынат

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги абал жакынкы арада жөнгө салынат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки өлкө өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, акты түзүлдү. Мындан тышкары, Казакстандын тиешелүү мекеме жетекчилери 2 күндүн ичинде “Чалдовар” өткөрмө бекети ачыларына убада берди. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстан аба майдандары ички каттамдарды уюштурууга даяр

Кыргызстан аба майдандары ички каттамдарды уюштурууга даяр. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирет. Анын айтымында, кеп, Бишкек, Ош жана Тамчыдагы аба майдандар тууралуу болуп жатат. Эртеңден тартып күнүнө 1 ирет аба каттам жүргүзүлө баштайт. Бирок билеттер көп сатыла баштаса жумасына 4 ирет… Кененирээк…

Канн кинофестивалынын программасына 56 тасма кирди

Канн кинофестивалынын программасына 56 тасма кирди. Алардын катарында Уэс Андерсондун “Француз диспетчери”, Франсуа Озондун “85инчинин жайы”, Томас Винтербергдин “Дагы бирден” жана Френсис Линин “Аммонит” тасмалары бар. Кинофестиваль бул жылы коронавриус пандемиясына байланыштуу уюштурулбайт. Бирок программага кирген тасмалар күздө башка фестивалдарда көрсөтүлөт.