Чолпон-Ата шаарында жаңы лаборатория ачылат

Чолпон-Ата шаарында жаңы лаборатория ачылат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, ал заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жугуштуу ооруларды аныктайт.

 

Корея  менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга тийиштүү медициналык жабдуусу бар  ПЦР аппарат жеткирилди.

 

Алардын бири Чолпон-Ата шаарында ачыла турган лабораторияга коюлуп, жайкы туристтик сезон учурунда иштейт.