Улуттук гвардиянын аскерлери Москвадагы жеңиш парадына катышат

Улуттук гвардиянын аскерлери Москвадагы жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, учуунун алдында бардык аскер кызматкерлери ПЦР-анализ тапшырат. Кошумчаласак, муну менен Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери Кызыл аянттагы юбилейлик парадга экинчи жолу катышып жатат. Ал эми Улуу Ата мекендик… Кененирээк…

Польшада 28-июнда президенттик шайлоо өтөт

Польшада 28-июнда президенттик шайлоо өтөт. Эгер добуш берүү ачык-айкын болбосо ал 2 жумадан кийин кайра экинчи тур менен уюштурулат. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Эльжбета Витек билдирди. Мындай чечимди мамлекеттик шайлоо комиссиясы колдоого алды. Эске салсак, буга чейин 10-майга белгиленген президенттик шайлоону дистанттык түрдө… Кененирээк…

Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда ачылат

Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда ачылат. Башка райондогу кырдаалдан улам базарга бир гана Ат-Башы аймагынын тургундары кире алат, — деди аким Нурбек Сатаров. Аталган райондо карантин режими күчүндө болгондуктан, базардын кире беришинде пост уюштурулат. Келгендер беткапчан болушу шарт. Ошондой эле базардын иштөө мөөнөтү… Кененирээк…

Нарындагы суу ташкын 60 үйдү зыянга учуратты

Нарындагы суу ташкын 60 үйдү зыянга учуратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Чоң-Нарын каналынан суу ташып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон жана Котормо аймактарын каптады. Мындан улам аталган жерлердин чарба курулуштарына жана көчөлөрүнө суу толуп калды. Учурда 15үйдүн короосу толугу менен тазаланып бүттү. Иштер уланып жатат.… Кененирээк…

АКШда 4 полиция кызматкерине айып тагылды

АКШда 4 полиция кызматкерине айып тагылды. Бул тууралуу Миннесота штатынын башкы прокурорунун кеңсесине таянуу менен америкалык басылмалар билдирет. Маалыматка ылайык, камакка алынган 1 полиция кызматкери 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дагы 3 кызматкерге кылмышка көмөктөшүү айыбы тагылууда. Кошумчаласак, АКШда расалык теңсиздикке каршы башаламан толкундоолор… Кененирээк…

Баткен районунун Рават айылында жаңы бала бакча пайда болот

Баткен районунун Рават айылында жаңы бала бакча пайда болот. Курулуп жаткан мектепке чейинки даярдоо мекемеси 50 орунга чакталды. Долбоордун жалпы суммасы 14 миллион 800 миң сомду түзөт. Каражат эл аралык донор тарабынан бөлүндү.

Жаңгак токойлору учуучу аппараттар менен дарылана баштады

Жаңгак токойлорун зыянкеч курт-кумурскалардан арылтуу иштерине дарылар дрон аркылуу себилип жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди. Анын айтымында, иштерге 30га жакын учуучу аппараттар тартылды. Кыргызстанда жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда.… Кененирээк…

8-июндан баштап өлкөдөгү мечиттерге барууга уруксаат берилет

8-июндан баштап өлкөдөгү мечиттерге барууга уруксаат берилет. Тиешелүү чечимди Республикалык штаб кабыл алды.  Маалыматка ылайык, аталган мөөнөттөн тартып Кыргызстандагы мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынат. Бул жайларга келгендер беткап тагынып, кире бериштен адамдын дене табы өлчөнүп жана социалдык аралык сакталышы керек.

Оштун бир катар көчөлөрүндө бүгүн газ өчүрүлөт

Оштун бир катар көчөлөрүндө бүгүн газ өчүрүлөт. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Осмонов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү газ түтүктөрдө оңдоо иштер башталды. Мындан улам саат 10дон кечки 5ке чейин “Кулатов” , “Анар”, “Төлөйкөн” жана “Ак-Тилек” кичи райондорунда көгүлтүр от болбойт.

Быйыл Кыргызстанда 260 миңден ашык түп бак-дарактар отургузулат

Быйыл Кыргызстанда 260 миңден ашык түп бак-дарактар отургузулат. Көчөттөр калктуу түйүндөргө, шаар, айыл жана кыштактарга отургузулат, — дешти Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен. Маалыматка караганда, алардын арасында ийне жалбырактуу, жаңгак жана мөмөлүү дарактын түрлөрү бар. Агенттиктен белгилешкендей, республикадагы балдар бакчаларын жашылдандыруу иштерине да 250 миң түп… Кененирээк…