“Ош-Тазалык” ишканасына 12 жаңы таштанды ташуучу унаа тапшырылды

“Ош-Тазалык” ишканасына 12 жаңы таштанды ташуучу унаа тапшырылды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, атайын техника Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен алынды.

 

Алардын жалпы баасы 545 миң еврону түзөт. Белгилеп кетсек, банк Ошто катуу калдыктарды жок кылуу боюнча 10 миллион евролук долбоорду ишке киргизди. Каражаттын жарымы кредит болсо, калганы кайтарымсыз негизде берилди.