Медициналык мекемелердин жардамына муктаж жарандар азырынча ПЦР анализ тапшырбай турса болот

Медициналык мекемелердин жардамына муктаж жарандар азырынча ПЦР анализ тапшырбай турса болот.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет.

Анын айтымында, бейтаптын колунда аны дарылап жаткан адистен вируска кабылган адам менен

байланышпаган жана оорунун белгилери жоктугу тууралуу маалым каты болушу керек.

Буга чейин ооруларды алдын алуу борбору медициналык мекемелерде

дарыланган адамдар ПЦР анализ тапшырышы керек деген талап койгон.