Кыргызстанда 10-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыңкы 5 күн аралыгында
өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Айрым жерлерге мөндүр түшөт.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жетиши ыктымал.
Мындай аба-ырайы транспорт, байланыш, энергетика жана
коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.