Ысык-Көл облусуна жеке жана коомдук унаалар тоскоолдуксуз кире башташты

Ысык-Көл облусуна жеке жана коомдук унаалар тоскоолдуксуз кире башташты.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришкендей, аймакка кирген

ар бир жарандын дене табы текшерилип жатат. Ал эми маршруттук такси жана

автобус айдоочулары жүргүнчүлөрү тууралуу толук маалымат жазып, аны

Балыкчыдагы өткөрмө постко тапшырып берет. Бул өз кезегинде ооруга шектүү

жарандарды бат табууга шарт түзөт. Ошондой эле эпидемиологиялык абалы

начар жана чет өлкөдөн келгендер кайсы аймакка баратканын так көсөтүшү керек.

Эс алуучулар тууралуу маалыматты каттоо тапшырмасы конок үйлөрүнө да берилди.