Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлүү ниетинде

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлүү ниетинде.

Каражат салык кызматынын жана статистика системасын жаңылоого берилет, — дешти

Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнөн. Акчалардын 17,5 миллион доллары

38 жылга насыя катары бөлүнөт. Анын жылдык пайызы 0,75 ченди түзөт.

Каражаттын калган бөлүгү грант түрүндө берилет. Белгилеп кетсек, макулдашуунун

шартына ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлгөн сумманын 11,3 миллион

доллары консультациялык кызматтарга жана окутууларга багытталат.