Жалпы республикалык тестирлөө учурунда санитардык коопсуздук эрежелери иштелип чыкты

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда санитардык коопсуздук эрежелери иштелип чыкты. Алар кандай экенин Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.

 

Жалпы республикалык тестирлөө башталганча ал имарат дезинфекцияланат. Ар бир окуучу кирип баратканда анын температурасы өлчөнөт. Жеке коргонуучу каражаттар берилет. Санитайзер жана башка керектүү нерсенин бары. Эң негизгиси – беткап менен иштейт. Ал беткапты дагы улам алмаштыруу үчүн бир нече беткап болот. Анан ортолорунда дистанция сакталат

 

Жусупбекова белгилеп кеткендей, бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда эң аз дегенде              1,5 метр аралык сакталышына көзөмөл жүргүзүлөт. ЖРТ 21-июндан 25-июнга чейин өтөт.