Ысык-Көлдө туристтик сезондун активдүү фазасы 20-июнда башталат

Ысык-Көлдө туристтик сезондун активдүү фазасы 20-июнда башталат. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей, учурда бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү сезонго карата даярдыктан өтүүдө.

 

Ошондой эле, Ош-Тамчы-Ош аба каттамын 15-июндан тарта жандантуу суроосу каралып жатат. Эске салсак, 1-июндан тарта Кыргызстанда туристтик сезон старт алды. Каалоочулар туристтик объектилерге, анын ичинде Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз бара алат.