Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды алып келүү уланууда

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды алып келүү уланууда.   Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Түштүк Кореядан 12 мекендеш келди. Аларды жеткирүүдө Казакстан колдоо көрсөттү. Келгендердин бардыгы обсервацияга жаткырылды.

Мамлекеттик салык кызматында Аналитикалык иштер башкармалыгы түзүлдү

Мамлекеттик салык кызматында Аналитикалык иштер башкармалыгы түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, жаңы борбор салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча резервдерди аныктоо максатында түзүлдү.   Андагы кызматкерлер салыктын бардык түрлөрүнө жана тармактарга мониторинг жүргүзөт. Алардын милдети — аймактык  органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн базасы боюнча талдоо жүргүзүү, жашыруун… Кененирээк…

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Иштерди “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы аткарууда. Жаңы шамчырактар бул ирет Манас, Мессароша, Набережная, Жайылма, Шакиров көчөлөрүндө жана Талас, Бреслав, Челябинск тар көчөлөрүндө пайда болду.   Ремонттук иштер шаардын бүт аймагында жүргүзүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө келген ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилет

Жалпы республикалык тестирлөөгө келген ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.  Анын айтымында, ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуучулардын ортосундагы коопсуз аралыктын сакталышына көз салат.   Адамдардын топтолуусуна жана башка адамдардын имаратта болушуна тыюу салынат.   Аудиторияларда бүтүрүүчүлөр шахмат тартибинде отурат.… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынмайын, жергиликтүү кеңешке шайлоолор белгиленбейт

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынмайын, жергиликтүү кеңешке шайлоолор белгиленбейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдон билдиришти.   Алгач өлкөдөгү абал боюнча чечимди эпидемиологдор жана республикалык штаб чыгарат. Болжол менен, жергиликтүү кеңешке шайлоолорду августта, парламенттик шайлоолорго чейин өткөрүү пландалууда.   Үгүт жүргүзүү иштери токтотулган жеринен улантылат, —… Кененирээк…

Жалал-Абаддын Аксы районунда мөндүр жаап, айдоо талаалары жабыркады

Жалал-Абаддын Аксы районунда мөндүр жаап, айдоо талаалары жабыркады.   Алдын-ала маалымат боюнча, Кербен шаарынын жана Кашка-Суу айыл аймагында мөндүр жаап, эгин талаалары жуулуп, бактардын мөмөлөрү толук күүлүп калды.   Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, келтирилген зыянды эсептеп жатат.

Нарын облусунда селдин кесепетин жоюу уланууда

Нарын облусунда селдин кесепетин жоюу уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бир жума ичинде жүздөн ашык үй, короолор жана үй алдындагы тилкелер тазаланды.   Турак-жайы авариялык абалга келген тургунга чатыр берилди. Эске салсак, облуста 3-июнда нөшөрлөгөн жаан-чачындан кийин катуу сел жүрдү. Суу ташкыны Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң кымбат футболчулары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат футболчулары аталды. Рейтингдин сап башында “ПСЖнын” чабуулчусу Килиан Мбаппе жайгашты. Форварддын баасы 259 миллион евро. Экинчи орунда “Манчестер Ситинин” оюнчусу Рахим Стерлинг турат.   Бул футболчуну дээрлик 195 миллион еврого баалашты. Лидерлердин үчилтигин “Боруссиянын” коргоочусу Джейдон Санчо 179 миллион еврого тете баасы… Кененирээк…

Тарых музей иши. Экс-премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.   Биринчи май райондук соту мурунку өкмөт башчынын бул аракеттеринен мамлекетке 247 миллиондон ашык сом чыгым келтирген… Кененирээк…

Президент 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «КРдин 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Жогорку Кеңеш тарабынан 21-майда кабыл алынган документке бүгүн кол коюлганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.   «Аталган мыйзам менен 2020-жылдын республикалык бюджети кирешелер боюнча 135 346,8 миллион сом суммасында жана чыгашалар… Кененирээк…