Милициянын Кайгуул кызматы Ош облусунда түзүлөт

Милициянын Кайгуул кызматы Ош облусунда түзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы кызматты түзүү боюнча токтом чыкты. Ага 219 кызматкерди сынак менен алуу пландалып жатат. Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул кызматы Бишкекте 31-декабрда пайда болду. План боюнча, ал Ошто, андан кийин бүт республика боюнча түзүлөт. Бул максатта 456 миллион сом каралган.