Швецияда социалдык-аралыкты эң мыкты сактаган ресторан ачылды

Швецияда социалдык-аралыкты эң мыкты сактаган ресторан ачылды.   Анда болгону 6 стөл бар. Болгондо дагы алар токойдо, талаада жана суунун боюнча орнотулган. Келген конокторго адамдар менен байланышты токтотуп, жаратылыш менен ырахаттануу сунушталат.

Бишкекте троллейбустардан беткапсыз жүргүнчүлөр түшүрүлүп жатат

Бишкекте троллейбустардан беткапсыз жүргүнчүлөр түшүрүлүп жатат. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери рейд жүргүзүүдө. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо текшерүү Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде өттү.   Коомдук транспорт аялдамага токтогондо, жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аларга троллейбустан түшүп, беткап сатып алуу сунушталып жатат.

Бишкектин бейтапканаларына онлайн жазылса болот

Бишкектин бейтапканаларына онлайн жазылса болот. Мэриядан эске салышкандай, санарип платформасына ордо калаанын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган.   Дарыгерге жазылуу үчүн registratura.med.kg порталын кирип, паспорттун ПИН-кодун терип, телефон номурун калтырып коюу жетиштүү. Андан кийин дарыгерди жана убакытты тандаш керек. Мындай жол менен  жазылуу бейтапканалардагы узун… Кененирээк…

Өзгөчө абал учурунда иштеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Генералдык штабдын кызматкерлерине дагы кошумча акча берилет

Өзгөчө абал учурунда иштеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Генералдык штабдын кызматкерлерине дагы кошумча акча берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.   Анын айтымында, документке ушул жумада кол коюлуп, каржат бериле баштайт. Бул максатта каржы булактар аныкталган.   Марттан майга чейин… Кененирээк…

Кыргызстан өкмөтүнүн курамы өзгөрөт

Кыргызстан өкмөтүнүн курамы өзгөрөт. Премьер-министрликке сунушталып жаткан Кубатбек Боронов түзүп келген өкмөттүн жаңы курамында өзгөрүүлөр болот.   Ал эми кызматын тапшырган Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинен жетекчиси Дастан Догоевдин ордуна Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловдун талапкерлигин сунушталууда.   Өкмөттүн башка мүчөлөрү өзгөрбөйт. Ал эми… Кененирээк…

Эртеңден тартып абанын табы 5-10 градуска төмөндөйт

Эртеңден тартып абанын табы 5-10 градуска төмөндөйт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, түндүктөн соккон шамал өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарындагы абанын температурасын төмөндөтүүгө алып келет. Бирок жаан-чачын күтүлбөйт.  Ал эми Бишкекте бүгүн күндүз +32 градуска чейин жогорулайт. Түштөн кийин чыгыш тараптан шамал согот. Анын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин… Кененирээк…

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштады

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштады. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов коалициянын жыйынында жарыялады. Белгилеп кетсек, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу… Кененирээк…

Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, чартердик каттам аркылуу Кыргызстандын 3 жараны Алматы шаарынан унаа менен Бишкекке алып келинди. Бардык жарандар бекитилген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат. Чет өлкөдөгү мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери улантылат.

Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен novosti.kgге билдиришти. Андан белгилешкендей, каттоо качан өтөөрү так белгилене элек. Бул республикадагы өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу. Ошондой эле ведомствонун кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү онлайн режиминде иштеп жатканында. Эске салсак, Кыргызстанда калкты каттоо… Кененирээк…

Корумду – Балбай-Баатыр жолун калыбына келтирүүгө Сауд арабиялык фонд 128 миллион доллар бөлүп берет

Корумду – Балбай-Баатыр жолун калыбына келтирүүгө Сауд арабиялык фонд 128 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Макулдашууга ылайык, каражат 25 жылга насыя катары берилет. Алгачкы 5 жыл жеңилдетилген формада төлөнөт. Муну менен тилкенин 104-чакырымынан 184-чакырымына чейинки аралыгы оңдоп-түзөлөт.