Эртеңден тартып абанын табы 5-10 градуска төмөндөйт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, түндүктөн соккон шамал өлкөнүн
түштүк-чыгыш аймактарындагы абанын температурасын төмөндөтүүгө алып келет.
Бирок жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Бишкекте бүгүн күндүз +32 градуска чейин жогорулайт.
Түштөн кийин чыгыш тараптан шамал согот. Анын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет.
Мындан улам унааларды жеңил конструкциялар жана бак-дарактардын жанына токтотпоо сунушталат.