Бишкекте троллейбустардан беткапсыз жүргүнчүлөр түшүрүлүп жатат. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери рейд жүргүзүүдө. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо текшерүү Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде өттү.
Коомдук транспорт аялдамага токтогондо, жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аларга троллейбустан түшүп, беткап сатып алуу сунушталып жатат.