Өзгөчө абал учурунда иштеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Генералдык штабдын кызматкерлерине дагы кошумча акча берилет

Өзгөчө абал учурунда иштеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Генералдык штабдын кызматкерлерине дагы кошумча акча берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

 

Анын айтымында, документке ушул жумада кол коюлуп, каржат бериле баштайт. Бул максатта каржы булактар аныкталган.

 

Марттан майга чейин кошумча акы медицина кызматкерлерине берилди. Ал эми өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр жакынкы арада бериле баштайт.