Бишкектин бейтапканаларына онлайн жазылса болот. Мэриядан эске салышкандай, санарип платформасына ордо калаанын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган.
Дарыгерге жазылуу үчүн registratura.med.kg порталын кирип, паспорттун ПИН-кодун терип, телефон номурун калтырып коюу жетиштүү. Андан кийин дарыгерди жана убакытты тандаш керек. Мындай жол менен жазылуу бейтапканалардагы узун кезектерди жоет, — дешти муниципалитеттен.