Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине убадаланган акчалай жардам толугу менен берилет

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине убадаланган акчалай жардам толугу менен берилет.

Буга премьер-министр милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов ишендирүүдө.

Анын айтымында, өзгөчө абал режиминде иштеген укук коргоо органдарына төлөмдөр

ушул жумада бериле баштайт. Ошол эле учурда каржы министрлиги аскер жана милиция

кызматкерлерине 446 миллион сом бөлүнөрүн билдирген. Буга катар, саламаттыкты сактоо

тармагында иштеген кызматкерлерге акчалай жардам көрсөтүү үчүн 700 миллион сом керектелет.