Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп Элмира Иманалиева дайындалды

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп Элмира Иманалиева дайындалды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
2008-жылы Иманалиева аталган башкармалыкты жетектеген. Андан тышкары,

билим берүү борборунун директору, Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча

орун басары болуп эмгектенип, билим берүү жана илим министринин орун басары, Бишкек шаарынын

вице-мэри кызматтарынды иштеген. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Мурдараак Билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматын Сауле Мейрманова ээлеп турган.

Ал 2020-жылдын февраль айында кызматтан кеткен болчу. Бир нече ай бою аталган башкармалыктын

башчысы милдетин убактылуу Наталья Никифирова аткарып жаткан.